КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-апрели № 185
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердигин уюштуруу чөйрөсүндө прогрессивдүү ыкмаларды оперативдүү түрдө ишке киргизүүнү камсыздоо максатында, "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин өнүктүрүүнүн Стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-январындагы № 50 Жарлыгына ылайык:
Кыргыз Республикасынын финансы министрине эксперимент катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин 2012-жылга чейинки мөөнөткө бекитилген штаттык санынын чектеринде өз алдынча аныктоого укук берилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов
|