Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-апрели № 196
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруулары жөнүндөгү маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, облустук мамлекеттик администрациялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөттүн жетекчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тапшырмаларын өз учурунда жана сапаттуу аткаруулары боюнча иштери жеткиликсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, облустардын губернаторлору аткаруучулук тартиптин абалына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарын сактоого өзүлөрүнүн жеке жоопкерчилигине көңүл бурушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде аткаруучулук тартиптин жана даярдалуучу документтердин сапатынын деңгээли төмөн экени белгиленсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, облустук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы Билдирүүсүндө коюлган маселелерге өзгөчө көңүл буруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруунун абалына комплекстүү талдоо жүргүзүшсүн;
- аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маселени карашсын, жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын өз учурунда жана тийиштүү эмес аткаруунун себептерин аныкташсын жана күнөөлүү кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартышсын;
- аткаруучулук тартипти сактоону камсыздоо боюнча конкреттүү жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгышсын, мында ушул ишти жүргүзүүгө түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун жана облмамадминистрациялардын жетекчиликтеринин жеке жоопкерчилигин караштырышсын;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жана кароого киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарын катуу жана сөзсүз сактоону камсыздашсын;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 10 күндүк мөөнөттө билдиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги, администрациялык ведомстволордогу, аткаруу бийлигинин башка органдарындагы, облустук мамлекеттик администрациялардагы аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумуна киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр ушул буйруктун аткарылышын контролдоону камсыздасын жана жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирсин.
Премьер-министри | И.Чудинов
|