Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-декабры № 583-б
Майлуу-Суу лампа заводунун түзүлгөн күнүнүн 50 жьшдыгьш майрамдоого байланыштуу, ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын өнөр жайьш өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамыньн 18-беренесине ылайык:
1. «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Эреджепова Музеин Садыковна | - башкы директор; |
Барбиев Маткерим Караевич | - коммерциялык директор; |
Ляховец Виктор Федорович | - өндүрүштүк-диспетчердик бөлүмдүн начальниги; |
Эгембердиев Мурзакул Чильтенбаевич | - өндүрүш боюнча айнек цехинин начальнигинин орун басары; |
Довулбеков Анарбек | - цоколдук-картонаждык цехтин жетектөөчү слесарь-инструментальщиги. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарьн даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эсебинен жүргүзүлсүн
Премьер-министр |
|