Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-декабры № 588-б
Баткен облусунун чек ара аймактарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек ара аймактарында улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында, «Кыргаз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамьшын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-2015-жылдарга мамлекеттик курулуштар жана объектилер тизмегинде Баткен облусунун Баткен районунун Миң-Булак - Чорго - Ак-Сай автомобиль жолун долбоорлоого жана курууга 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган каражаттардын чегинде финансылык каражат карасьн жана бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражатын долбоорлоо-сметалык документтерди долбоорлоого жана иштеп чыгууга пайдалансын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун курууну камсыз кылсын;
- финансы каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- курулуш аяктагандан кийин аталган автомобиль жолун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана аны андан ары күтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|