Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-декабры № 540
Энергетика тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Энергетика күнүн майрамдоонун урматына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Раимкулов Рустанбек Имашевич | - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуиун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги; |
Ничволода Станислав Юрьевич | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Каиттагы жылуулук камсыздоо ишканасынын башкы инженери; |
Бокоев Исланбек Бегалиевич | - «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги; |
Молдогазиев Эмилбек Жакыпович | - «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун Чыгыш РЭСинин бөлүштүрүүчү тарамдарды пайдалануу боюнча электр монтеру. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Ажиев Талдыбек Советканович | «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун менен камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Садыралиев Мурат Райымкулович | «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы Камбарата ГЭСиниы гидротехникалык цехинин начальниги; |
Парманов Жолборс Мамашевич | «Жалалабад электр» ачык акционердик коомунун Базар-Коргон РЭСинмн начальниги; |
Дарданов Абдыбек Нурбекович | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы Чуй жогорку кубаттуулуктагы электр тарамдары ишканасыпын Кемин тилкесинин линиялар кызматынын улук мастери. |
Премьер-министр |
|