Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-декабры № 596-б
Чүй облусундагы Чүй суусунун сол жээгин коргоо жана Баткен, Ош облустарындагы объектилер боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жана биринчи кезектеги жумуштарды жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 33 000000 (отуз үч миллион) сом бөлүп берсин, анын ичинде:
1) 24000000 (жыйырма төрт миллион) сом Чүй суусунун сол жээгиндеги мурда башталган объектгерди каржылоо үчүн кошумча;
- 9100000 (тогуз миллион жүз миң) сом Чүй облусунун Кемин районундагы Hyp айылын коргоо боюнча Чуй суусуна суу жээктерин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн;
- 13304000 (он үч миллион үч жүз төрт миң) сом Чүй облусунун Чүй районундагы Красный строитель поселкасын коргоо боюнча Чүй суусуна суу жээктерин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн;
- 446000 (төрт жүз кырк алты миң) сом Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 26 мекемесинин ичүүчү суу алгычын, насостук станциясын жана суу басымдуу мунарасын коргоо боюнча Чүй суусуна суу жээктерин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн;
- 1150000 (бир миллион жүз элүү миң) сом Чүй облусунун Аламүдун районундагы Ак-Жол бажыканасынын районундагы агын сууларды топтогучту коргоо боюнча Чүй суусуна суу жээктерин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн;
2) 9000000 (тогуз миллион) сом Баткен жана Ош облустарындагы объекттерди каржылоо үчүн:
- 3000000 (үч миллион) сом Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагынын Гулчө айылындагы Наабайкана районунда жана турак жай кварталында Гүлчө суусундагы узундугу 100 м коргоочу дамбаны оңдоо - калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу үчүн;
- 6000000 (алты миллион) сом Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагындагы Зарташ айылынын Зарташ участогундагы Сох суусуна коргоочу дамбаны куруу үчүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|