Редакцияот 25.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 25-декабры № 606-б

Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 3 протоколун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын төмөнкү маданият ишмерлерине 2014-жыл үчүн Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 3 протоколу жактырылсын:

- акын Анатай Өмүрканов - "Жалгыздык ыры" ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн;

- жазуучу Акбар Рыскулов - "Атакенин Акболот" тарыхый үчилтиги үчүн;

- композиторлор Чокиев Турдубек Асанович, Эсенгулова Гүлмира Шакиновна - "Алтын уя" опереттасы үчүн

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев