Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-декабры № 595-б
Энергетика тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Энергетика күнүн майрамдоонун урматына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун түзүлгөн күнүнн 80 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Бородин Алексей Викторович | - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары; |
Сулайманов Таалайбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Токмоктогу жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору; |
Лебедев Владимир Петрович | - «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы - Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасынын ыкчам диспетчердик тобунун начальниги; |
Жеенбеков Абдижалил Жусупович | - «Ош электр» ачык акционердик коомунун инвестиялоо жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн начальниги; |
Абдылдаев Касеин Кыдыралиевич | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Беловодск райондор аралык жылуулук менен камсыздоо жана суу берүү ишканасынын инженери; |
Балтабаева Саламат | - Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ЖЭБинин химиялык цехинин лаборанты; |
Айталиев Энишпек Асанбекович | - «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун Чуй РЭСинин улук мастери; |
Турдубаев Кубаныч Акаевич | - Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Чолпон-Ата РЭСинин электр монтеру; |
Аширбаев Чубак Апсаматович | - Түндүк электр» ачык акционердик коомунун подстанциялар кызматынын Кемин тобунун бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдү оңдоо боюнча электр слесары. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын даярдоо менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын
Премьер-министр |
|