Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-декабры № 612-б
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын оор финансылык абалын көңүлгө алуу менен жана бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан карыздарды төлөөгө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан республикалык бюджеттен алынган 100 (жүз) млн сом суммасындагы бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн 2015-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;
- бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтүн узартууну эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы менен 2013-жылдын 30-октябрындагы № 1 Ссуда келишимине кошумча макулдашуу түзсүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|