Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-декабры № 614-б
Мамлекеттик жер фондусун рационалдуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик-техникалык мүлкүн эшелондоштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жайгашкан 4,5 га аянттагы жер участогун анда жайгашкан имараттары жана курулмалары менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оперативдик башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жайгашкан 4,5 га аянттагы жер участогун анда жайгашкан имараттары жана курулмалары менен белгиленген тартипте оперативдик башкарууга кабыл алсын;
- аталган объекттерди мындан ары күтүү боюнча чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен жумшасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жер участогун жана объекттерди Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оперативдик башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоону жүргүзсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|