Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-декабры № 616-б
Төмөнкүлөргө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 450000 (төрт жүз элүү миң) сом бөлүнсүн, алардын ичинен:
1 топтогу майып, жалгыз бой эне Кожобергенова Айзада Жумадиновнага - 50000 (элүү миң) сом, материалдык жардам көрсөтүү катарында;
Оштогу балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна - 200000 (эки жүз миң) сом, жашылча сактаган жайды оңдоо үчүн;
«Ирада» үй-булөлүк балдар үйүнө - 200000 (эки жүз миң) сом, имараттын айрым жерлерин оңдоо жана балдар аянтчасын куруу үчүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев
|