Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 26-декабры № 617-б

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 92-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында 2015-жылдын 16-17-мартында өтө турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2015-жылдын 15-18- мартында Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына жиберилсин.

3. Комиссиянын жыйынына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 92-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

 

Турдубаев Кубанычбек Апышевич

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Адамкулова Самаргюл Эркиновна

-

Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Шадыханов Калысбек Токтосунович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Чодуев Эркинбек Урайымович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Утебаев Медер Шамшибекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Тургунбаева Асель Абдыракмановна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.