Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014–жылдын 26-декабры 616-б
Төмөнкүлөргө материалдык жардам көрсөтүү чун Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 450000 (төрт жүз элүү миң) сом бөлүнсүн, алардын ичинен:
- 1 топтогу майып, жалгыз бой эне Кожобергенова Айзада Жумадиновнага – 50000 (элүү миң) сом, материалдык жардам көрсөтүү катарында;
- Оштогу балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна – 200000 (эки жүз миң) сом, жашылча сактаган жайды оңдоо үчүн;
- «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө – 200000 (эки жүз миң) сом, имараттын айрым жерлерин оңдоо жана балдар аянтчасын куруу үчүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |