Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-декабры № 620-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагындагы Барак эксклавынын тургундарына жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмүтнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 1-сорттогу 10 (он) тонна унду брондон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак эксклавынын тургундарына жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине Барак эксклавынын тургундары үчүн көмүр сатып алууга 125000 (жүз жыйырма беш миң) сом бөлүнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды Барак эксклавына жеткирүүнү, ошондой эле тургундардын товардык-материалдык баалуулуктарын Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына ташып чыгууну жана коштоону уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чектерде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардамды жеткирүү жана товардык-материалдык баалуулуктарды арналган жерине алып чыгуу боюнча чыгымдарын кошумча каржыласын.
5. Кыргыз Республикасьшын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен
бирдикте гуманитардык жүк тарткан автотранспорт каражаттардын Барак эксклавынын аймагына жана андан Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүшүн уюштуруу маселесин Өзбекстан Республикасынын тийиштүү кызматтары менен иштеп чыксын жана чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Барак эксклавынын тургундарына 2015-жылдагы талаа
жумуштарын жүргүзүүгө жардамдашуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- себүүчү аянттарды эсепке алуу менен айыл чарбалык өсүмдүктөрдүн сертификатталган үрөндөрүн алуу жана артыкчылыктуу тартипте берүү боюнча;
- сугат суу менен камсыздоо жана сугат тармагын 2015-жылдын вегетациялык мезгилине өз убагында даярдоо боюнча.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы берилип жаткан гуманитардык жардамдын Барак эксклавынын тургундарына даректүү бекер берилишин камсыздашсын.
8. Ушул буйруктун аткарьшышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
|