Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-декабры № 629-б
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2014-жылга каралган каражаттарды Кулунду-Максат автожолунун курулушуна төмөнкүдөй пайдаланууга уруксат берилсин:
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Интернационал айылынын тургуну Гаипов Ахматали Тургуновичтин (мындан ары - Интернационал айылынын тургуну) алынып жаткан мүлкүн баалоо боюнча көз каранды эмес эксперттин кызматына акы төлөөгө;
Интернационал айылынын тургунунун Кулунду-Максат автожолун реабилитациялоо процессинде алынып жаткан мүлкүнө компенсация төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Интернационал айылынын тургунунун алынып жаткан мүлкүн баалоо боюнча көз каранды эмес эксперттин отчетун экспертизалоо боюнча кызматына акы төлөөгө.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттын пайдаланылышы жөнүндө отчёт берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|