Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-декабры № 631-б
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Шабдан баатырдын кыргыз мамлекетин сактоого жана чындоого кошкон зор салымын эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм фильмин жаратууга мамлекеттик заказ берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы" мамлекеттик ишканасынын көркөм кеңешинде жактырылган сценарийдин негизинде мамлекеттик заказ линиясы боюнча 80 млн (сексен миллион) сом бюджеттик каражатты бөлүү маселесин иштеп чыксын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|