КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 30-декабры № 623-б
Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, жетишкен ийгиликтери үчүн жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысынын укук коргоо иштери боюнча борборунун бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун улук инспектору Бекташев Элбек Надирович сыйлансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |