КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-декабры № 628-б
Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, автотранспорттук каражаттардын жана элдин үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 6 Автомобиль жолдорунун өндүрүш-линиялык башкармалыгынын № 17 Жол тейлөө ишканасына өзгөчө кырдаалардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылындагы Ала-Бука-Кербен автожолунун 9 километринде көпүрө күрүү үчүн 7,0 млн (жети миллион) сом бөлүнүп берилсин.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |