Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-декабры № 630-б
«Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары» фестивалынын жакшы уюштурулушуна жана ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Акибаев Асхат Акибаевич | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Кол Аврора» санаторийи» мамлекеттик ишканасынан директору; |
Асылбашева Дариха Замировна | «Асылбашев Креатив» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу; |
Боромбаев Рыскул Мамбеткулович | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборун директору; |
Ибраев Эркинбек Расулович | сценарист, режиссер; |
Латыпова Сырга Жапаровна | «Шаттык» ансамблинин жетекчиси; |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |