КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10 январы № 2-б
Кыргыз Республикасында энергиянын жаңылануучу булактарын оңүктүрүү жана аларды өлкөнүн экономикасына тартууга карата конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча стратегиялык милдеттерди аткарууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында энергиянын жаңылануучу булактарын пайдалануу боюнча кадамдык иш-аракеттердин планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтөнөн кароосуна берсин.
Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу укугу берилсин.
Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |