Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-январы № 9-б
1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржьшоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансьшык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды териштирүү боюнча кызматынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү женүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды териштирүү боюнча кызматы,
кызматташуунун жана ез ара кызыкчылыктын маанайында, оз ара мамиленин негизинде жана ар бир Тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтарды алмашууга көмөктөшүүнү каалап, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Максат
1. Тараптар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого тиешелүү иштерди талдоого, тергөөгө. шектелген жана айыпталган адамдарды соттук жазалоого жардамы тийиши мүмкүн болгон маалыматтарды өз демилгеси же суроо-талап боюнча алмашат.
2. Тараптардын ортосундагы кызматташуу жана маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-берене. Суроо-талапты тариздөө
Ар бир суроо-талап Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр менен коштолот:
1) суроочу Тарапка белгилүү болгон негизги фактылардын кыскача баяндамасы;
2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан кылмыштарды жасаганга шектелгендерге же айыпталгандарга карата бардык керектүү маалыматтар;
3) суроо-талаптын себебин жана маалыматтарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен.
3-берене. Маалыматты пайдалануу
1. Тийиштүү Тараптан алынган маалыматтар же документтер кандай болбосун ар кандай үчүнчү жакка берилбеши керек жана берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз административдик, тергөө же соттук максаттарда пайдаланылбашы керек.
2. Тараптар тийиштүү Тараптан алынган каалаган маалыматты же документти берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланууга же ачыкка чыгарууга уруксат беришпейт.
4-берене. Купуялуулук
Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалыматтар купуя болуп саналат. Ал кызматтык сыр болуп эсептелет жана улуттук булактардан алынган, ушул сыяктуу маалыматтарга карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган коргоо режимине ылайык корголот.
5-берене. Баш тартуу
1. Эгерде маалыматты берүү Тараптардын улуттук мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге карама-каршы келсе же улуттук коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн болсо, суроо-талапты аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
2. Суроочу Тарапка баш тартуунун себеби тууралуу маалымдалат.
6-берене. Жол-жоболор
1. Тараптар өз өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ез ара аракеттенүүнүн алгылыктуу жол-жоболорун биргеликте аныкташат жана ушул Макулдашууну ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткорүшөт.
2. Тараптардын ортосунда маалымат алмашуу англис тилинде жүзөге ашырылат.
7-берене. Оңдоолор
Тараптардын ез ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
8-берене. Иш-аракетти токтотуу
1. Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча анын иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү ниети тууралуу Тараптардын биринин жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алган күндөн баштап аракетин токтотот.
2. Бул Макулдашуунун аракети токтотулганына карабастан, ушул Макулдашуунун 3 жана 4-беренелеринде каралган милдеттенмелерди Тараптар сакташат.
9-берене. Күчүнө кирүү датасы
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын ушул Макулдашуунун күчунө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө бири-бирине маалымдаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүсүн алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. ______шаарында 2015-жылдын «__»_______кыргыз, түрк жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөедө же колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн | Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды териштирүү боюнча кызматы үчүн |