Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-январы № 21-б
«Электр станциялар» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, анын финансылык туруктуулугун камсыздоо жана отун сатып алууга жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 511-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонд «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна ушул акционердик коом менен Казакстан Республикасынын «Т.И. Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС» акционердик коомунун ортосунда аталган буйруктун 3-пунктунда баяндалган шарттарда келишим түзүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте киргизсин.»;
4-пункттагы «мурда берилген бюджеттик ссудалар боюнча» деген сөздөр «мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |