Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-январы № 6-б
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон татыктуу салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин тарых мугалими Машу Оме Багиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каражатынын эсебиңен каржылансын.
Премьер-министр |
|