Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-январы № 5-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "18-22" деген цифралар "18-23" деген цифраларга алмаштырылсын:
2015-жылдын 18-22-январында Женева шаарында (Швейцария) БУУнун Адам укугу боюнча кенешинин УМСинин жумушчу тобунун
21-сессиясына универсалдуу мезгилдүү серебинин жол-жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын Экинчи улуттук докладын берүү үчүн делегациянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Скрипкина Галина Анатольевна | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Бектурганов Малик Маамыталиевич | - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасыньн тергөөнү жана изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |
- делегациянын курамынан Карыбаева М.А., Шыкмаматов А.Н., Усманова Л.Ю. чыгарылсын.
Премьер-министр |
|