Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 15-августу № 318
Кыргыз Республикасында лизинг ишин кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Марипов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчиси;
Чекошев А.М. - "Толубай" акционердик коммерциялык банкы жабык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Шербото А. - "Консильери Т" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Кабанбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти.
2. Жумушчу топ бир ай мөөнөттө лизинг ишин кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте адистерди жана эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топко ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн, жумушчу топтун жетекчисинин суроосу боюнча керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте беришсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов
|