Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-сентябры № 339
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу системасында терс көрүнүштөрдүн тез-тез болушуна байланыштуу, ошондой эле электрондук жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Кошоев М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы,комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча).
|
Комиссия мүчөлөрү:
Сагынбаев Д.К. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Чаяхметов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
|
Кангелдиев А.О. | - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
|
Солтонгелдиев Э.С. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрлар башкармалыгынын башкы инспектору;
|
Скатневский Ю.М. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин юристи – камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
|
Шаменов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эл аралык баңги трафикасына каршы иштер жана уюшкан кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперуполномоченный;
|
Чымыев М.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкы эксперти;
|
Бейшекеева Ж.И. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин нормативдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча).
|
2. Комиссия он күндүк мөөнөттө электрондук жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарды текшерүүнү жүргүзсүн жана тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизсин.
3. Комиссия аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдардан сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | И.Чудинов
|