Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-январы, №12-б
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында жайгашкан төмөнкү автомобиль жолдорун жана автомобиль жолдорунун участкаларын оперативдүү башкарууга кабыл алсын:
Достук-Ак-Сай автомобиль жолун, узундугу 7,5 км;
Жаштык-Арка автомобиль жолун, узундугу 8,6 км;
Көк-Терек автомобиль жолунун участогун, узундугу 1,0 км;
Таштумшук автомобиль жолунун участогун, узундугу 1,0 км;
Ак-Сай автомобиль жолунун участогун, узундугу 5,5 км;
- 2015-жылга кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде оперативдүү башкарууга кабыл алынган автомобиль жолдоруна жана автомобиль жолдорунун участкаларына капиталдык ондоо жүргүзүүнү жана кармоону камсыздасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына региондук өнүктүрүү, транспорт курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |