Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-январы № 14-б
1. Расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору (Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо);
- Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу "Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору үчун Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, "Токмоксууканал" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча грант элементтерин эсептөөдө ушул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр |
|