Редакцияот 02.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 2-февралы № 24-б

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин долбоорун кол коюуга даярдоодо кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы Мулкубатова Чолпон Токтобаевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев