Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-январы № 2-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чьндоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берсин:
- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл өкмөтүнө 2001-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 10058940, кузовунун № ХТНЗ1100011043830 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө 2000-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 0121760, кузовунун № XTH311000Y0992575 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны;
- Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7875370, кузовунун № ХТА21213051788792 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдарда кайра каттоону жүргүзүү;
- автотранспорт каражаттарын күтүүнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу;
3. Ушул буйруктун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|