Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-октябры № 367
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансындагы администрациялык имараттарды жана курулмаларды "Инкомполис" жабык акционердик коомуна таандык имараттарга жана курулмаларга алмаштыруу маселеси боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Курманалиев С.У. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, топтун жетекчиси.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Халибеков Ш.Х. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Абдылдаев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык башкармалыгынын улук инспектору;
|
Кожошева Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын адиси;
|
Бекжанов М.К. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын начальниги;
|
Тюбеева Ж.Т. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун директору;
|
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Перегородов А.В. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экспертиза башкармалыгынын кыймылсыз мүлктү баалоого экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги;
|
Косивцов Г.В. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин илим-изилдөө жана жер титирөөгө туруктуу курулушту долбоорлоо институтунун курулуш конструкциялары бөлүмүнүн начальниги;
|
Тарев А.Б. | - "Инкомполис" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Довженко В.Ф. | - "Инкомполис" жабык акционердик коомунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
|
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2008-жылдын 17-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансындагы администрациялык имараттарды жана курулмаларды "Инкомполис" жабык акционердик коомуна таандык имараттарга жана курулмаларга алмаштыруу менен байланышкан маселелерди изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|