Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-февралы № 50-р
Мамлекеттик жер фондун сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан 37,3 га жер участогун, бардык инфратүзүмү менен чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы Бишкектик аскер-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасына берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|