Редакцияот 27.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-февралы  № 57-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 28-февралы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсация төлөнгөн жумуш күнү деп белгиленсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттерине 2015-жылдын 28-февралын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев