Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-февралы № 61-б
"Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде республиканын керектөөчүлөрүн жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого жана жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун ушул буйрукка кол коюлган күнгө карата мамлекеттик карыз каражаттары боюнча мөөнөтү кечиккен бересесин өз ара эсептешүүлөрдүн актысынын негизинде, негизги сумманы, мурда салынган, бирок ушул буйрукка кол коюлган күнгө карата төлөнбөгөн пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен реструктураласын.
Капиталдаштырылган сумма 2018-жылдын 15-январынан баштап 2019-жылдын 15-декабрына чейин, капиталдаштырылган суммага пайыздарды салбастан ай сайын бирдей өлчөмдө төлөнсүн;
- карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууларды белгиленген тартипте тариздесин.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик карыз каражатты карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууларга ылайык кайра төлөө сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|