Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-марты № 86-б
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн потенциалын күчөтүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин сапатын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө "теңме-тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) долбоорунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору (№ TF016021 грант) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|