Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-февралы № 28
Кынтыксыз жана ак ниеттүү кызматы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын кызматкеринин күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан энчилүү сааттар менен сыйлансын:
Берикбаев Атай Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын атайын дайындалыштагы бөлүмүнүн начальниги, финансы полициясынын майору;
Сагынбеков Рысбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн оперуполномоченныйы, финансы полициясынын подполковниги;
Сатканкулов Бакытбек Атамырзаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын мамлекеттик органдардагы экономикалык кылмыштарды тергөө боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, финансы полициясынын подполковниги;
Сулайманов Жылдыз Ысманалиевич. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча бөлүмүнүн начальниги, финансы полициясынын подполковниги;
Шин Александр Витальевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн улук оперуполномоченныйы, финансы полициясынын подполковниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |