Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-марты № 90-б
Чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык контролдук-өткөрмө пункттарын жабдуу жана Ош зоналык ветеринариялык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясын реконструкциялоо боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, чек арадагы 7 ветеринардык жана фитосанитардык контролдук-өткөрмө пункттарды жабдууга жана Ош зоналык ветеринариялык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясын реконструкциялоого республикалык бюджеттен 4 880 000 сом (терт миллион сегиз жүз сексен миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык 2015-жылдын 1-майына чейин:
- чек арадагы 7 ветеринардык жана фитосанитардык контролдук-өткөрме пункттарды жабдысын;
- Ош зоналык ветеринариялык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясын реконструкциялоону жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|