КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-марты № 94-б
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 10-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министри Лаврова Ольга Владимировна жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри Сариев Темир Аргембаевич Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 9-беренесинин 1-пунктунун «е», «и», «м» жана «о» пунктчаларында каралган маселелер боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|