Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-марты № 100-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын ("Ден соолук-2020") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 -беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын ("Ден соолук-2020") ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер жана ведомстволор жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын ("Ден соолук-2020") ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо |
1. Ден соолук жана бакубатчылык факторлору. Ден соолук маселелеринде секторлор аралык жана көп деңгээлдүү ыкмаларды камсыз кылуу | ||||||
1 | Инфекциялык эмес жана инфекциялык ооруларды контролдоонун жана алдын алуунун артыкчылыгын жогорулатуу үчүн секторлор аралык кызматташуунун жана өнөктөштүктүн натыйжалуу системасын түзүү | Инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардьга (кургак учук, АИВ, жүрөк-кан тамыр оорулары) проблемаларын, ошондой эле энеликти жана балалыкты коргоо маселелерин чечүүдө секторлор аралык жоопкерчиликти күчөтүү жана коомчулукту тартуу | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештии чечими | Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Жамааттар менен ишти төмөнкүлөрдүн негизинде андан ары өркүндөгүү: - айыл жергесииде "Ден соолук маселелери боюнча жамааттардын аракеттери" программасы; - шаар жергесинде "Дени сак шаар" программасы; - зыяндуу көнүмүштөрү жана оору тобокелдиктерине каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен биргелешкен аракеттер | Жыл сайын | Калктын ден соолугун чыцдоо маселелери боюнча жамааттар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүү | ССМ, Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджегинин алкагында | ||
2 | Тамеки чегүүнүн деңгээлин төмөндөтүү маселесин чечүүгө секторлор аралык ыкма | Тамеки чегүү орун албаган зоналарды уюштуруу, коомдук жерлерде тамеки чегүүгө тыюу салуу жана 18 жашка чыга элек балдарга тамеки сатууга тыюу салуу эрежелеринин аткарылышын контролдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Адамдардын ден соолугуна тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринин деңгээлин төмөндөтүү, коомдук жерлерде тамеки чегүүге тыюу салуу жана тамеки керектөөгө жол бербөө | ССМ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Тамекинии зыяндыгы жөнүндө маалыматгык кампанияны жүргүзүү (видео- жана аудио роликтер) | 2015-2020-жылдар | ССМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | |||
3 | Айлана-чөйрөнүн жагымсыз факторлорунун таасиринен калктын саламаттыгын сактоо маселелеринде ведомстволор аралык аракеттенүү жаатында министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоону күчөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеште жана региондук деңгээлде маселелерди кароо | 2015-2020-жылдар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын алдындагы координациялык кеңештердин жоболорун кайра карап чыгуу, милдеттерин жана ыйгарым укуктарын кеңейтүү | Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Тиричиликтеги катуу таштандыларды башкаруу механизмин жөнгө салуу, полимердик материалдарды, таштандыларды чогултуу жана утилизациялоо маселелерин кароо | 2015-2017-жылдар | Адамдардын ден-соолугуна таасир берген айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин төмөндөтүү | Токой агенттиги, Этностор агенттиги | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Адамдын ден соолугуна жагымсыз табигый-климаттык факторлордун таасирин алдын алуу боюнча маалыматтык камсыздоо системасын иштеп чыгуу (мобилдик телекоммуникация ж.б.). | 2015-2016-жылдар | Калкты өзгөчө кырдаалдар пайда болуу учурларына тез чара көрүүгө даярдоо | ӨКМ, Этностор агенттиги, ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4 | ЖАМК медициналык кызматынын милдеттерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүү мүмкүндүгүн баалоо жана деталдуу талкуулоо | Жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматынын милдеттерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүү | 2015-2020-жылдар | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде камакка алынган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу | ЖАМК, ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), Эл аралык Кызыл Крест Комитети (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
5 | Географиялык жана климаттык шарттарга карабай, калктуу конуштардын чегинде калк үчүн коомдук жана адистештирилген транспорпун кызматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Алыскы калктуу пункттарды, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарын телефондук/мобилдик байланыш менен камсыз кылуу | 2015-2020-жылдар | Транспорттук медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Саламаттык сактоо уюмдарына кирүу жолдорун куруу жана оңдоо | 2015-2020-жылдар | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин алкагында | |||
Географиялык жана климаттык шарттарга карабай, бардык калктуу конуштарга коомдук транспорттун жетишин камсыз кылуу | 2015-2020-жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), бизнес-түзүмдөр (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин алкагында | |||
Кар күрткүсүн өз убагында тазалоо аркылуу автомобиль жолдорунун иштешин камсыз кылуу | 2015-2020-жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | |||
6 | Жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу жана азайтуу боюнча секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү | Жол-транспорттук кырсыктардын деңгээлин төмөндөтүү жана алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүнүн секторлор аралык механизмдерин иштеп чыгуу | 2015-2020-жылдар | Жол-транспорттук кырсыктардын деңгээлин төмөндөтүү | ИИМ, ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Жол-патрулдук кызматын экспресс-тесттер менен (алкотесттер) камсыз кылуу жана аларды колдонууга жана пайдапанууга ИИМ адистерин окутуу | 2015-2020-жылдар | Жол-транспорттук кырсыктарда жаракат алуунун деңгээлин төмөндөтүү | ИИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Балдар жана өспүрүмдөр арасында жол-транспорттук жаракат алуунун алдын алуу боюнча биргелешкен программаларын кеңейтүү | 2015-2020-жылдар | Балдар жана өспүрүмдөр арасында жаракат алуунун деңгээлин 10%га төмөндөтүү | БИМ, ИИМ, ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Жол-транспорттук кырсыктарда жабыркагандарга дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерине парамедиктерди, айдоочуларды окутуу | 2015-2020-жылдар | Жол-транспорттук кырсыктардын натыйжасындагы өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүү | ССМ, ИИМ, Мамкаттоо | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2. Оорулардын оорчулугун төмөндөтүү. Саламаттык сактоо системасын бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү | ||||||
7 | Жергиликтүү жамааттын катышуусу менен оорулардын. алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча коммуникациялык кампанияларды пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү | Сергек жашоо мүнөзү, үй-бүлөнү пландаштыруу, коопсуз энеликти камсыз кылуу, аялдардын, өспүрүмдөрдүн, балдардын репродуктивдик ден соолугунун маселелери боюнча радио жана телекөрсөтүүдө берүүлөрдү уюштуруу | 2015-2020-жылдар | Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сергек жашоо мүнөзү, үй-бүлөнү пландаштыруу, коопсуз энеликти камсыз кылуу, аялдар, өспүрүмдөр, балдардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо маселелери боюнча калктын билим деңгээлин жогорулатуу | ССМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алууга багытталган Дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган акция өткөрүү | 2015-2020-жылдар | Кан айлануу системасынын ооруларынан өлүмдөрдү азайтуу, жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алуу жөнүндө калктын билим деңгээлин жогорулатуу | ССМ, эл аралык донор уюмдар (макулдашуу боюнча), айылдык ден соолук комитеттери (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Алкоголдук жана тамекиге көз карандылыктын алдын алууга багытталган ичкилик ичпөө жана тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган акция өткөрүү | 2015-2020-жылдар | Сергек жашоо мүнөзүндө жашаган адамдардын көбөйүшү, алкоголду жана тамекини керектөөнүн зыяндыгы жөнүндө калктын билим деңгээлин жогорулатуу | ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Алгачкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына кайрылган бардык пациенттердин артериялык кан басымын текшерүү максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарыгерге чейинки кабинеттердин иши жөнүндө калкка маалымдоо | 2015-2020-жылдар | Гипертониялык ооруну эрте айкындоо жана дарылоо | ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Аракечтикке каршы жана алкоголдук продукцияны керектөө деңгээлнн төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу | 2015-2020-жылдар | Тиешелүү учурларда алкоголду керектөө деңгээлин 10%дан кем эмес кыскартуу | Экономмин, ССМ, ИИМ, ЭМЖМ, МСК | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Алкоголдук продукцияга базалык акциздик ставкаларды этаптуу андан ары жогорулатуу | ||||||
"Жаштардын, өспүрүмдөрдүн топтошкон жерлеринде алкоголу аз энергетикалык ичимдиктерди сатууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | Жаштар арасында энергетикалык ичимдиктерди керектөө деңгээлин төмөндөтүү | ССМ, МСК | Каржылоону талап кылбайт | ||
8 | Эненин жана баланын ден соолугун камсыз кылуу | Медициналык-генетикалык кызматты өнүктүрүү, балдардын майыптык учурларын алдын алууну күчөтүү | 2018-2020-жылдар | Өсүшүнүн тубаса кемтиктерин алдын алуу үчүн эки медициналык-генетикалык бөлүмдөрдү түзүү (Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында) | ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Иммунизацияга калктын жактоочулугун калыптандыруу жана анын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу | 2015-2020-жылдар | Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында салттуу вакциналарды сатып алууга мамлекеттик каражаттарды 100% бөлүп берүү | ССМ, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Антенаталдык багуу, үй-бүлөнү пландаштыруу, кечиктирилгис акушердик жардам, төрөттөгү инфекциялык контролдоо боюнча клиникалык протоколдорду бекитүү жана окуу программаларын кийин кайра карап чыгуу менен андан ары жайылтуу | 2015-2020-жылдар | Антенаталдык багуу, үй-бүлөнү пландаштыруу, кечиктирилгис акушердик жардам, төрөттөгү инфекциялык контролдоо боюнча клиникалык протоколдор бекитилген жана ишке киргизилген | ССМ, эл аралык донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2.1. Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолүгу жаатында | ||||||
9 | Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча маалыматтын жана билимдин жаштарга жана өспүрүмдөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Өспүрүмдөр үчүн репродуктивдик билимдин милдеттүү стандарттарын ишген чыгуу жана ишке киргизүү | 2015-2020-жылдар | Өспүрүмдөр үчүн репродуктивдик билимдин стандарттары иштелип чыкты | БИМ, ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Медициналык адистер үчүн өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча окуу курсун иштеп чыгуу жана дипломдон кийинки билим берүү системасына киргизүү | 2015-2016-жылдар | Медициналык адистер үчүн өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча окуу курсу иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Эл аралык стандарттарга жана сунуштарга ылайык өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча медициналык кызматкерлер үчүн колдонмо иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-2016-жылдар | Эл аралык стандарттарга жана сунуштарга ылайык өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча медициналык кызматкерлер үчүн колдонмо иштелип чыкты | ССМ, Коргоомин, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Каржылоону талап кылбайт | ||
Жаштардын өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча кызматтардын сапатын баалоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү | 2015-2020-жылдар | Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу боюнча кызматтардын сапатын баалоонун жана мониторингинин жыйынтыктары алынды | ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
АИВ/ЖИТС жайылышын жана баңги заттарды керектөөнүн алдын алуу максатында жаштардын катышуусу менен маалыматтык-билим берүү иш-чараларын жер-жерлерде жүргүзүүгө катышуу | 2015-2020-жылдар | Жаштардын билимин жана маалымдуулугун жогорулатуу | ССМ, БИМ, ЭМЖМ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Жаштар үчүн достошуу кабинеттеринин тарамын кеңешүү, ошондой эле жаштар жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугунун маселелери боюнча маалыматтык-билим берүүчү жана коммуникациялык материалдарды иштеп чыгуу | 2015-2020-жылдар | Иштелип чыккан жана таркатылган маалыматтык-билим берүү материалдарынын саны | ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2-2. Репродуктивдик органдардын онкологиялык ооруларын алдын алуу жана дарылоо жаатында | ||||||
10 | Жатын моюнчасы жана сүт безинин рак оорусун алдын алуу боюнча иш-чаралар | Жатын моюнчасы жана сүт безинин рак оорусун алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарын иштеп чыгуу жана таркатуу | 2015-2020-жылдар | Маалыматтык материалдардын саны жана түрү | ССМ, жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) | Донорлордун каражаттары |
11 | Жатын моюнчасынын, сүт безинин рак оорусун эрте айкындоо | Иштелип чыккан стандарттарга жана клиникалык протоколдорго ылайык медициналык кызматкердерди скрининг методдоруна окутуу | 2015-2020-жылдар | Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн окутулган кызматкерлердин саны | ССМ | Бекитилген бюджеттин алкагында |
12 | Жатын моюнчасынын рагын, сүт безинин рагын алдын алуу жана дарылоо деңгээлин жогорулатуу | Жатын моюнчасынын рагын жана сүт безинин рагын дарылоо боюнча клиникалык протокол жана колдонмо иштеп чыгуу, кийин аны ишке киргизүү жана окутуу менен | 2015-2020-жылдар | Клиникалык жана протоколдук колдонмонун болушу | ССМ | Бекитилген бюджеттин алкагында |
Гистологиялык изилдөөлөр боюнча методикалык нускамаларды (стандарттуу операциялык процедураларды даярдоо | 2016-2017-жылдар | Стандарттуу операциялык процедуралардын болушу | ССМ | Каржылоону талап кылбайт | ||
Врачтарды, лаборанттарды, цитологдорду, гистологдорду гистологиялык изилдөөлөр методдоруна окутуу | 2016-2017-жылдар | Окутулган врачтардын саны | ССМ | Бекитилген бюджеттин алкагында | ||
13 | Паллиативдик жардам көрсөткөн жана репродуктивдик органдарынын рак оорусу бар пациенттерге реабилитация жүргүзгөн уюмдардын ишин өркүндөтүү | Паллиативдик жардам боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Ооруну башкаруу боюнча протоколдорду иштеп чыгуу | 2015-2020-жылдар | Ооруну башкаруу боюнча протокол жана паллиативдик жардам боюнча колдонмо иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин алкагында |
2.3. АИВ-инфекциянын жана кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо жаатында | ||||||
14 | АИВ-инфекциянын алдын алуу жана турукташтыруу боюнча иш-чарапар комплексин камсыз кылуу | Жаштардын арасында АИВ-инфекцияны алгачкы алдын алуу боюнча маалыматтык-билим берүү ишин билим берүү жана саламаттык сактоо системасындагы мекемелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, айылдык ден соолук комитеттерин тартуу жолу менен жүргүзүү | 2015-2020-жылдар | Жаштардын арасында АИВ алдын алуу чараларын жана жукгуруу жолдорун билген адамдардын пайызы (60%) | БИМ, ССМ, Ж0БО (макулдашуу боюнча), жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары тарабынан колдоонун, кароонун жана дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жолу менен АИВ-инфекция менен жашап жүргөн адамдардын жашоо сапатын көтөрүү | 2015-2020-жылдар | АИВ-инфекция менен жашаган 60% адамдар паллиативдик жардам менен камтылган | ССМ, СӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
15 | Кургак учуктун алдын алуу жана турукташтыруу боюнча иш-чаралар комплексин камсыз кылуу | Калктын маалымдуулугун жакшыртуу жана кургак учуктун алдын алуу, ага каршы күрөшүү, маселелерин чечүүгө билим берүү жана саламаттык сактоо системасындагы мекемелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, айылдык ден соолук комитеттерин тартуу жолу менен коомчулуктун көңүлүн буруу | 2015-2020-жылдар | Кургак учук менен ооругандарды аныктоо сапатын жакшыртуу, оорусу өрчүп кеткен учурлардын көрсөткүчүн азайтуу | ССМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Кургак учукту дарылоонун амбулатордук моделин кеңейтүү | 2015-2020-жылдар | Пилоттук уюмдарда кургак учук менен ооругандарды толук амбулатордук дарылоону уюштуруунун жаңы моделин ишке киргизүүнү күчөтүү | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында "Сапаттуу саламаттык сактоо" долбоору (ЮСАИД) (макулдашуу боюнча) | ||
Кургак учукка каршы кызматты, анын ичинде лабораториялык кызматты оптималдаштыруу жана кайра түзүмдөштүрүү | 2015-2020-жылдар | Кургак учукка каршы кызматтын ишин жакшыртуу | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Кургак учук кызматынын социалдык колдоо кызматтары менен аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Кургак учук менен ооругандарды дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | МЖАК, ИИМ, Мамкаттоо | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2.4. Гендердик зомбулуктун алдын алуу жана күрөшүү жаатында | ||||||
16 | Гендердик-сезгич жардамды көрсөтүү жана гендердик негизде зомбулукка учураган адамдарды реабитациялоо | Медициналык кызматкерлерди, райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын врач-эксперттерин жана социалдык кызматкерлерин дипломго чейинки жана дипломдон кийинки даярдоо программаларына гендердик билим боюнча атайын курстарды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-2016-жылдар | Гендердик билим берүү боюнча иштелип чыккан жана ишке киргизилген атайын курстардын саны | ССМ, СӨМ, ЖМК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), гендердик маселелер боюнча көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
17 | Зомбулукка дуушар болгон адамдарга жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде медициналык кызматкерлерди окутуу | Саламаттык сактоонун бардык деңгээлиндеги медициналык кызматкерлер үчүн "Сексуалдык зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү" клиникалык протоколун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кийин аны саламаттык сактоо системасына киргизүү жана тираждоо менен | 2015-2016-жылдар | Клиникалык протокол ишке киргизилди | ССМ | Бекитилген бюджеттин чегинде |
Сексуалдык зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана аны алдын алуу боюнча медицина кызматкерлери үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), гендердик маселелер боюнча көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
18 | Калк арасында, анын ичинде медициналык жамааттар арасында гендердик стереотиптердин репродуктивдик ден соолукка жагымсыз таасири жөнүндө маалыматтык-агартуу иши | Калктын ар кандай тобу, өзгөчө айыл жергеси үчүн, өспүрүмдөргө жана жаштарга репродуктивдик ден соолуктун гендердик аспекттери боюнча, анын ичинде жарандардын репродуктивдик укуктар маселеси жана репродуктивдик ден соолук абалына зомбулуктун таасири боюнча маалыматтык компанияларды уюштурууга катышуу | 2015-2020-жылдар | Маалыматтык кампаниялардын саны. Ар кандай максаттуу топтор үчүн чыгарылган маалыматтык материалдардын саны жана тизмеги | ССМ, БИМ, СӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
3. Коомдук саламаттык сактоонун потенциалын жогорулатуу | ||||||
19 | Эпидемиологиялык көзөмөл системасын жакшыртуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кургак учукка эпидемиологиялык көзөмөл системасын ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Кургак учукка чалдыгуу мониторингин жана диагностикасын жакшыртуу | ССМ | Бекитилген бюджеттин алкагында, донорлордун каражаттары |
20 | Мамлекеттик чек арадан өткөн жерде санитардык-контролдук пункттардын ишине комплекстүү ыкманын негизинде эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарын киргизүү | Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик жана өтө кооптуу инфекцияларды алып кирүү жана жыйылтуу учурларын каттоо фактыларынын жоктугу | ССМ, АЧММ, Ветинспекция | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарын ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Эл аралык медициналык санитардык эрежелердин талаптарын ишке киргизүү | ССМ, МЧК, ӨКМ, МБК, ТКМ, АЧММ, Экотехинспекция, Ветинспекция | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Санитардык-контролдук пункттарды эл аралык талаптарга жана Евразия экономикалык союзунун талаптарына ылайык жабдуу | 2015-2016-жылдар | Санитардык-котролдук пункттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | ССМ, МБК | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары | ||
21 | Химиялык, радиологиялык коркунучтарды жана биотерроризмди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ССМ, ӨКМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция, МБК | Каржылоону талап кылбайт |
Биокоопсуздукту бекемдөө маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук документти иштеп чыгуу | 2015-жыл | Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ССМ, ӨКМ, АЧММ, Токой агентгиги | Каржылоону талап кылбайт | ||
22 | Евразия экономикалык союзунун талаптарын жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инфекциялык эмес ооруларды контролдоо, санитария жана гигиена жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемиоло гиялык, гигиеналык ченемдерди иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук актыларга трансформациялоо | 2015-жыл | Кыргыз Республикасыньи! мыйзамдарын эл аралык стандарттар мененшайкеш келтирүү | ССМ, эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Каржылоону талап кылбайт |
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | Ата мекендик унду байытуу боюнча өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу | ССМ, Экономмин, МБК | Каржылоону талап кылбайт | ||
23 | Объекттерде гигиеналык талаптарды сактоого мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, өндүрүштүк контролдоо программаларын жана азык-түлүк продуктуларынын коопсуздук системасынын эл аралык стандарттарынын мисалында сапаттын менеджмент системаларын кайра иштетүү өнөр жай ишканаларында ишке киргизүү | Сапат менеджментинин системаларын өнүктүрүү жана өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча ишкердик субъекттердин окуусун уюштуруу | 2015-2020-жылдар | Өндүрүлүп жаткан азык-түлүк продуктулардык коопсуздук деңгээлин жана иш шартын камсыз кылуу маселелери боюнча ишкердик субъекттердин малымдуулугун жогорулатуу | ССМ, эл арапык донорлук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттары |
"Азык-түлүк продуктулардын коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | Өндүрүштүн башталышынан акыркы керектөөчүгө чейин азык-түлүк продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылган дүйнөлүк практиканы колдонуу менен "талаадан столго" концепциясын ишке ашыруу | ССМ, Ветинспекция, АЧММ, эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Каржылоону талап кылбайт | ||
Кыргыз Республикасынын калкынын тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин чечүү | 2015-2017- жылдар | Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун абалын жакшыртуу жана тамактанууга байланыштуу оорулардын алдын алуу | АЧММ, ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилтен бюджетинин алкагында, БУУнун азык-түлүк коопсуздугу боюнча долбоору (макулдашуу боюнча) | ||
Тамак-аш азыктарында генетикалык модификацияланган организмдердин болушун контролдоо боюнча лабораторияларды жабдыктар менен жабдуу | 2015-жыл | Тамак-аш азыктарында генетикалык модификацияланган организмдердин болушун контролдоону белгилөө | ССМ, БИМ, Спорт агенттиги | Донорлордун каражаттары (макулдашуу боюнча) | ||
24 | Социалдык жактан маанилүу оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча калк менен иштөөнү өркүндөтүү | Социалдык маанилүү инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (кургак учук, АИВ, жүрөк-кан тамыр ооруларын) коркунуч факторлорун аныктоо, ошондой эле энелерди жана балдарды коргоо маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик жана жарандык секторлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен "тегерек столдорду" уюштуруу жана өткөрүү | 2015-2020-жылдар | "Тегерек столдор" өткөрүлдү | ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана калктын активдүүлүгүн жогорулатуу | 2015-2016-жылдар | Сергек жашоо мүнөзүнүн принциптерин жандандыруу жана калк арасында ишке киргизүү | ССМ, БИМ, Спорт агенттиги | Каржылоону талап кылбайт | ||
25 | Балдар учүн коопсуз жашоо шартын, тарбиялоо, тамактануу жана билим берүүнү камсыз кылуу | Жалпы билим берүү мектептеринде сергек жашоо мүнөзү сабактарын киргизүү. Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерин даярдоо жана кайра даярдоо курстарына сергек жашоо мүнөзү маселелерин киргизүү. Репродуктивдик ден соолук жана укуктар маселелерин предметтик стандарттарга интеграциялоо | 2016-жыл | Жшшы бшгам берүү мектептеринде сергек жашоо мүнөзү сабактары үчүн факультативдик жана класстан сырткары сааттардын санын көбөйтүү. Педагогдордун жана окуучулардын сергек жашоо мүнөзү боюнча сапаттуулугун жогорулатуу | БИМ, ЭМЖМ | Мамлекеттик органдардьш бекитилген бюджетинин алкагында |
Жалпы билим берүү уюмдарынын штаттык расписаниесине медициналык персоналдын кызмат ордун (врач же медайым/фельдшер) саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына ылайык ошол уюмдун каражаттарынын эсебинен кармоо менен киргизүү | 2015-2016-жылдар | ССМ, БИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | |||
Мектепке чейинки жана мектеп объекттерине санитардык-гигиеналык талаптардын, анын ичинде температуралык, аба, жарык режимдери, эмерек, даараткана, суу менен камсыздоо ж.б. талаптарын сактоо | 2015-2020-жылдар | ССМ, БИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | |||
26 | Калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу | Өлкөнүн саясий, маданий жана спорттук лидерлеринин активдүү катышуусу менен "Ден соолук кербени" акциясын уюштуруу жана өткөрүү | 2015-2020-жылдар | Сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана оорулардын алдын алуу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Сергек жашоо мүнөзүнүн негизги аспекттери боюнча ар кандай максаттуу топтор үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана тираждоо | 2015-2020-жылдар | Ар кандай максаттуу топтордо маалыматтык-билим берүү материалынын болушу | ССМ, эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Ден соолук маселелерин чагылдырууга маалымат каражаттарын кеңири тартуу менен, ошондой эле жана веб-сайт ж.б. аркылуу коомчулукка маалымдоо жолу менен коммуникация каражаттарын кеңейтүү жана натыйжалуу колдонуу | 2015-2020-жылдар | Саламаттык сактоону камсыз кылуу жөнүндө маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Ден соолукту чыңдоо маселелеринде ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын мааниси жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо | Жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4. Ден соолук детерминанттары жана тобокел факторлору | ||||||
27 | Калкты дене тарбия менен алектенүүгө тартуу боюнча иш-чаралар комплексин камсыз кылуу | Массалык спорт иш-чараларына катышууга калкты активдүү тартуу. Телекөрсөтүү аркылуу үзгүлтүксүз негизде эртең мененки гимнастиканын машыгуулар комплексин киргизүү. Үзгүлтүксүз массалык спорт иш-чараларын өткөрүү | 2015-жыл | Сергек жашоо мүнөзүн популяризациялоо | МТМ, ССМ, БИМ, Спорт агенттиги, ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Шаарларда, калктуу конуштарда дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жана инфратүзүмдү түзүү (спорт аянтчалары, көчө тренажерлору, спорт залдары, бассейндер ж.б.) | 2015-2020-жылдар | Керектүү шарттар жана инфратүзүм түзүлдү | Этностор агенттиги, Мамкурулуш, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
"Мыкты класс", "Мыкты мектеп" наамына спорггук мелдештерди үзгүлтүксүз уюппуруу жолу менен жалпыга билим берүү мекемелерде дене тарбия сабактарьшын ролун жана маанисин күчөтүү | 2015-2020- жылдар | Окуу учурунда дене гарбия сабактарында балдардын жана жаштардын үзгүлтүк машыгуусу | БИМ, Спорт агенттиги | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
28 | Велосипед кыймылын өнүктүрүү | Бишкек жана Ош шаарларында велосипед кыймылын өнүктүрүү үчүн жолдо атайын тилкелерди бөлүп берүү; маркировка; токтотуу үчүн жерлер ж.б. шарттарды камсыз кылуу | 2018-2020-жылдар | Инфекциялык эмес оорулар коркунучун дене активдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен төмөндөтүү | Бишкек жана Ош шаардык мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бишкек жана Ош ш. мэрияларынын бекитилген бюджетинин алкагында |
Калктын дене активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшкөн иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде велосипед тебүү, жөө жүрүү | 2015-2016-жылдар | Бишкек жана Ош шаардык мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бишкек жана Ош ш. мэрияларынын бекитилген бюджетинин алкагында | |||
5. Калктын ден соолугу үчүн чвйрөнү түзүү | ||||||
29 | Суу аркылуу жуккан ооруларга чалдыгуу деңгзэлин төмөндөтүү | Сууга байланыштуу ооруларга мамлекеттик көзөмөлдүн интеграцияланган системасын түзүү, ичүүчү суунун сапатынын электрондук программасын ишке киргизүү | 2015-2016-жылдар | Суу менен шартталган оорулардын мониторинг маселелерин күчөтүү | ССМ, Мамкурулуш | Донорлордун каражаттары (макулдашуу боюнча) |
30 | Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу | Пестициддерди жүгүртүү, өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруунун коопсуздугу маселелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | Сапатсыз Продукцияны жүгүртүү жана керектөө жаатында тобокелдердин алдын алуу | АЧММ, Токой агенттиги | Каржылоону талап кылбайт |
Жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | Жеке ветеринарияны өнүктүрүү | АЧММ, Ветинспекция | Каржылоону талап кылбайт | ||
Тоют жана тоют кошундусунун, ветеринардык багыттагы этке жана аны кайра иштетүү продуктуларына дары каражаттардын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү | 2015-жыл | Калктын ден соолугуна таасир берген тобокел факторлорун төмөндөтүү | АЧММ, Вегинспекция | Каржылоону талап кылбайт | ||
Спорт имараттарынын жана курулмалардын коопсуздугу жана турак жай райондорунун үйгө жакын аймактарын спорттук аянтчалар менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | Ден соолукту чыңдоо үчүн шартты камсыз кылган тиешелүү техникалык регламентти кабыл алуу | Мамкурулуш | Каржылоону талап кылбайт | ||
Айыл чарба малынын идентификациясын жүргүзүү | 2015-2017-жылдар | Мал чарбачылыктын атаандаштыкка жөндөмүн жана сапатын жогорулатуу, эпизоотия бакубатчылыгын камсыздоо | АЧММ, Ветинспекция | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Эхинококкоз, бруцеллез жана күйдүргүгө каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу: | Жыл сайын |
| Ветинспекция, АЧММ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
- иттердин 4 жолку дегельминтизациясын жүргүзүү, ээси жок иттерди атып салуу; |
| Идентификацияланган иттерднн дегельминтизациясын жүргүзүү (100%) | ||||
- союлгандан кийин эхинококкозго жабыркоосуна бодо малдын жана майда малдын ички органдарьгаа санитардык-ветеринардык экспертиза жүргүзүү; |
| Мал сойгон пункттарда майда жана бодо малдын ички органдарына ветеринардык экспертиза жүргүзүү (100%) | ||||
- майда малды REV-1 вакцинасы менен вакцинациялоо |
| Майда малды вакцинация менен 100% камтуу | ||||
- республиканын аймагында күйдүргүнүн бардык очокторунун паспорттоштурууну камсыз кылуу |
| Күйдүргүнүн айкындалган очокторун паспорттоштурууну жүргүзүү | ||||
- эхинококкоз, бруцеллез жана күйдүргүнү алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чаралары жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу ишин күчөтүү |
| Эхинококкоз, бруцеллез жана күйдүргүгө каршы күрөшүү жана алдын алуу чаралары жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | ||||
Айыл чарба продукциясынын сапатын сертификаттоо жана контролдоо системасын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды эл аралык аккредитациялоону жүргүзүү | 2015-жыл | Продукциянын сапатын эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык сертификаттоо | Ветинспекция | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
6. Каржылоо жана медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү | ||||||
31 | Медициналык камсыздандыруунун бардык түрүн өнүктүрүү | Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну ишке киргизүү | 2015-2017-жылдар | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды алууга жарандардын тең укуктарын камсыз кылуу | ССМ, ММКФ, Экономмин, ЭМЖМ, Мамкаттоо, Чек ара кызматы, МБК, Финмин | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Иш берүүчүнүн, анын ичинде иштегендердин өздөрүнүн эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдүн тарифтерин кайра кароо | 2015-2016-жылдар | Калкка медициналык кызмат көрсөтүү системасын каржылоонун көбөйүшү, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруунун алкагында финансылык ажырымды кыскартуу | ||||
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | Милдеттүү медициналык касмыздандыруунун ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программаларынын алкагында чет өлкөлүк жарандардын медициналык кызматтарды алуу укуктарын камсыз кылуу | ССМ, ММКФ, Экономмин, ЭМЖМ, Мамкаттоо, Чек ара кызматы, Финмин | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Саламаттык сактоо уюмдарынын тармагын оптималдаштыруу жана түзүмүн рационалдаштыруу | 2015-2017-жылдар | Мастер-пландарды иштеп чыгуу жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын тармагын оитималдаштыруу жана түзүмүн рационалдаштыруу | ||||
Саламаттык сактоо уюмдарынын пациентке медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө түздөн-түз байланышпаган кызматтарын аутсорсингге этап-этабы менен өткөрүп берүү | 2015-2017-жылдар | Саламаттык сактоого инвестицияларды тартуунун эсебинен атаандаштык чөйрөнү түзүү, саламаттык сактоо системасында экономикалык өз ара мамилелерди өнүктүрүү, саламаттык сактоодо жеке сектордун азыркы механзмдерин бекемдөө | ССМ, ММКФ, Экономмин, ЭМЖМ, Мамкаттооо, Чек ара кызматы, Финмин | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү сапатына медициналык кызматкерлерге түрткү берүү үчүн түзөтүүчү коэффициенттерди иштеп чыгуу жана эсептөө | 2015-2016-жылдар | Саламатгык сактоо уюмдары көрсөтүүчү медициналык жардамдын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||
Кайра түзүмдөштүрүү жана оптималдаштыруунун натыйжасында пайда болгон саламаттык сактоо уюмдарынын үнөмдөлгөн каражаттарын реинвестициялоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү | 2015-2017-жылдар | Саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн жана тарамын оптималдаштыруу, жабдыктарды, инфратүзүмдү рационалдаштыруу. Тиешелүү мастер пландарды иштеп чыгуу | ССМ, ММКФ | Каржылоону талап кылбайт | ||
Кыргыз Республикасынын ретондорун каржылоо шарттарын теңдештирүү (Бишкек ш. жертиликтүү бюджетинин каражаттарын республикалык деңгээлге которуу) | 2015-2016-жылдар | Региондор ортосунда каражаттарды бөлүштүрүүдө акыйкаттыкты жогорулатуу | ССМ, ММКФ, Финмин | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Саламаттык сактоо секторунда программаларды ишке ашырууда жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу шарттарын түзүү | 2015-2018-жылдар | Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
32 | Медициналык жардамдын бардык деңгээлинде, а.и. алгачкы медициналык-санитардык жардам, адистештирилген жардам деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө механизмдерин кайра карап чыгуу мүмкүндүгүн баалоо | Бардык деңгээлде медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн стандарттары боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-2016-жылдар | Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө системасын өркүндөтүү | ССМ, ММКФ | Каржылоону талап кылбайт |
7. Адам ресурстары жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө маалыматтык системаларды өнүктүрүү | ||||||
33 | Кадрдык ресурстарды түзүү жана билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча маселелерди чечүү | Кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду тартуу менен ведомстволор аралык негизде медициналык кадрларга муктаждыкты эске алып, региондордо бюджеттик гранттарды бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2016-2018-жылдар | Кадрдык ресурстарды региондордо калтыруу | ССМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлде үчүнчү муундагы мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын ишке киргизүү, эл аралык билим берүү мейкиндигиие интеграциялоого компетенттүү ьисманын негизинде окуу программаларын, жумушчу окуу пландарды иштеп чыгуу жана адаптадиялоо | 2015-2018-жылдар | Медициналык билим берүү системасын өркүндөтүү | ССМ, БИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
Медициналык билим берүү уюмдарында илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, билим берүү процессине азыркы илимдин жетишкендиктерин киргизүү | 2015-2020-жылдар | Илимий потенциалды өнүктүрүү | ССМ, БИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
"Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан медициналык кызматкерлерге турак жай, жер участокторун берүү, эмгек акыга үстөк акы төлөө, коммуналдык кызматка төлөө боюнча сарптоолордун ордун толтуруу | 2015-2020-жылдар | Саламаттык сактоо системасында кадрдык саясатты күчөтүү | ЖӨБО (макулдашуу богонча) | Бекитилген бюджеттин алкагында | ||
34 | Кыргыз Республикасында электрондук саламаттык сактоонун стратегиясын жана саламаттык сактоонун Бирдиктүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу | Медициналык жардам көрсөтүү процессинин элге багытталган, кыйла натыйжалуу системасына өтүү механизмдерин аныктоо | 2015-2016-жылдар | Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири масштабдуу колдонуу | ССМ | Бекитилген бюджеттин алкагында |
Маалымат алмашуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жол-жоболорду жана регламенттерди иштеп чыгүу | 2016-2017-жылдар | |||||
Маалыматтардын коопсуздугун жана купуялуулук маселелерин, электрондук медициналык документтерди алмашуу процесстерин жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 2016-2017-жылдар | |||||
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медидиналык камсыздандыруу фонду; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Экономмин | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
Коргоомин | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана зтностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
ЖӨБО | - | өз алдынча башкаруу органдары; |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
Чек ара кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматы; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
Ветинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентгиги; |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы; |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар. |