Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-марты № 101-б
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айьш аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардьга алкагында 8,0 млн (сегиз миллион) сомду "Жыл-Кол" насостук станциясын куруу үчүн белүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттардын максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|