Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-марта № 111-б
2014-жылдын 7-майында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатактын айынан жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Орто-Боз айылынын Жака - Өрүк участогунун жашоочуларына жардам көрсөтүү жана материалдык зыянды компенсациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- тажик тараптан каражаттарды кийин ордун толтуруу менен, 2014-жылдын 7-майында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатактын айынан жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участогунун жашоочуларына келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо үчүн республикалык бюджеттен 3 370,0 (уч миллион үч жүз жетимиш) миң сомду Кыргыз Республикасынын Өкмвтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү келтирилген материалдык зыянды тажик тараптын ордун толтуруп берүүсү үчүн зарыл болгон чараларды керүшсүн.
Республикасынын Өкмөтүнүн жүктөлсүн.
3. Ушул буйруктун аткарыдщцын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|