Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-марта № 119-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасьпшн Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1404-XII токтому менен ратификацияланган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Менчик мамилелерин жөнге салуу жана укуктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун жоболоруна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Реснубликасыньш Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин оперативдүү башкаруусуна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда жайгашкан "Дружба", "Маданият", "50 лет Октября" (1, 2 жогорулатуу) насостук станцияларын жана узундугу 43,1 км болгон Сол кашаттага Нарын каналын өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- алардын сактыгын камсыз кылсьш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьшайык максаттуу багыты боюнча пайдалансын;
- жогоруда аталган объекттердин наркын бааласын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсетүлгөн объекттерди каржылоо иштерин жүзөгө апгырууну Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн республикалык бюджетте 2015-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катгоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйрукгун 1-пунктунда көрсетүлгөн объекггерди оперативдүү башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине катгасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу уюштуруу чар&чарды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине насостук станпияларды жана Сол кашатгагы Нарын каналын иштетүү үчун жардам көрсөтсун.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы компетенцияларынынт чектеринде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун чек ара участокторунда жайгашкан объекттерди коргоону камсыз кылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|