Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2015-жылдын 25-марты № 123-б

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы №223-б буйругунун редакциясына ылайык)

Аштык буудайды жаңылоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- 2011-жылдын түшүмүнөн алынган 6943,5 тонна аштык буудайды, ошондой эле 2012-жылдын түшүмүнөн алынган 1035,0 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын;

- брондон чыгарылган аштык буудайды иштетип, алынган унду республиканын региондорундагы ведомствого караштуу уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу бюджеттик уюмдарга сатсын;

- сатуудан алынган акча каражатын аштык буудайдын данын сатып алууга жана мамлекеттик резервдеги аштык буудайды сактоого, иштетүүгө жана унду сатууга байланышкан чыгымдарды жабууга жумшасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга карты жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги пайда болгон дүң бааларды эске алуу менен сатылуучу ундун баасын белгилесин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы №223-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев