Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-марты № 135-р
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев менен Туркия Республикасынын Президенти Р.А.Эрдогандын ортосунда 2014-жылы жетишилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин долбоорлоо, комплекстүү реконструкциялоо, тематикалык-көркөм жасалгалоо жана жаңы экспозицияны түзүү боюнча келишимдерди ишке ашыруу максатында:
1. Кыргьп Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге эл аралык кызматташтык боюнча Түрк администрациясы (TICA) тарабынан берилген жардамдын эсебинен 2015-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоону жана жаңы экспозициясын түзүүнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, музей экспонаттарын көчүрүүнү жана кайра жайгаштырууну жүргүзсүн. алардын сакталышын камсыз кылсын жана музей буюмдары учүн жайларды өз убагында бошотсун жана берсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республиканын Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоону зеке алуу менен 2017-жылга чейин Т.Абдумомунов (эски аянт), И.Раззаков, А.Орозбеков кочелорүнүн жана Чүй проспектисинин чегиндеги аймакты долбоорлоо. комплекстүү ыңгайлаштыруу, жашылдандыруу, аймакка жарык берүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ремонттоо - курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин имаратын жана анын аймагын коргоону камсыз кылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|