Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 1-апрели № 140-б
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесеине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбалык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы Автотранспорт каражаттарын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун негизинде "Киа Соренто" маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH723316, кузовунун № KNAKT8119D5310367, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорттук каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорттук каражатты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин оперативдик башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдик башкарууга алсын жана арналышы боюнча пайдалансын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|