Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-апрели № 146-б
Автоунаа каражатын мамлекеттин менчигине өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Спасите детей" кайрымдуулук фондунун арызынын негизинде 1998-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери KGBM1998, кыймылдаткычынын № 054541, кузовунун № KNAFB2422WA410200 "КИА-ШУМА" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажы режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик мүлктү баткаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгечө кырдаалдар министрлигинин оперативдик башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын белгиленген тартипте оперативдик башкарууга кабыл алсын жана автоунаанын наркына баалоо жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мулктүн наркын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин киреше бөлугүңдө эске алсын.
Премьер-министр |
|