Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-апрели № 144-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 184-б буйругунун редакциясына ылайык)
Долбоорлоо жана куруу-монтаждоо жумуштарына жана типтүү мектептердин долбоорлорун иштеп чыгууга тендерлердин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн, ошондой эле республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесин түзүүнү контролдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти мурда өткөргөн жана өткөрүп жаткан долбоордук жана курулуу-монтаждоо жумуштарына тендерлерге коррупциялык схемаларды табууга багытталган комплекстүү талдоо жүргүзсүн;
чет өлклөрдүн жалпы билим берүүчү мекемелерди (мектептерди) жана билим берүүнүн башка объектилерин куруу жагындагы практикасын изилдесин жана Кыргыз Республикасы үчүн оптималдуу чечимди тандасын;
- жалпы билим берүүчү мекемелердин (мектептердин) типтүү долбоорлорунун варианттарын энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен иштеп чыксын. ошондой эле долбоордук-сметалык документтерди болушунча кыска мөөнөттүн ичинде бекитүүнүн механизмин иштеп чыксын.
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун тийиштүү адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 184-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Долбоорлоо жана куруу-монтаждоо жумуштарына жана типтүү мектептердин долбоорлорун иштеп чыгууга тендерлердин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн контролдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигикин статс-катчысы; |
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Горин Олег Вячеславович | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Абылгазиев Таалайбек Кыдыралиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары, |
Борубаев Самат Нарматович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияньш директорунун орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;" |
Маматалиев Давран Маматалиевич | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Замир Долетшаевич | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
Садыков Нурлан Маткасымович | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү; |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 184-б буйругунун редакциясына ылайык)