Редакцияот 08.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 8-апрели № 88

Кызматтык милдеттерин ак-ниет аткаргандыгы, жетишилген жогорку натыйжалар үчүн жана Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:

Кабылбеков Кумар Догдурбаевичке

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын чыгыш башкармалыгынын улук тергөөчүсү, баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги;

Уларов Таирбек Жумабаевичке

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк башкармалыгынын атайын багыттагы бөлүмүнүн улук офицери, баңгизаттарды контролдоо кызматынын майору;

Абылгазиев Азизбек Дуйшекеевичке

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын баңгизаттарды контролдоо жана баңгиликтин алдын алуу кызматынын баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүү инспекциясынын башкы адиси.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев