Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 10-апрели № 54
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 89 буйругуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддо кызматтык териштирүү жургүзүү боюнча төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектордун башчысы, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы; |
Кутуева Айбермет Бектуровна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары |
Байгазиева Сейсекуль Джумановна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу секторунун башчысы; |
Андашева Назира Дилдебековна | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
3. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге сунуштарды киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
|