Редакцияот 16.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 16-апрели № 161-р

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тутумунда мурда иштеген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана катышуучулары: Алапаев Ормонбек Алапаевичке, Егимбаев Омутай Егимбаевичке, Усупов Макай Усуповичке - ар бирине 20 000 (жыйырма миң) сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 60 000 (алтымыш миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев